Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Маминдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Кол коюлган документтер:
- «Элет Агрохолдинг» ЖЧК жана «Continental Agro Trade» ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
- «Хайтун» ЖЧК жана «Continental Agro Trade» ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
- «Дордой Базары» ЖЧК жана «Continental Agro Trade» ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
- АК «ЭСК «KazakhExport», ЖЧШ «AAEngineering Group» жана ЖЧШ «Глобал Джамгыр Майнинг» ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим (экспорттук жеткирүүлөрдү камсыздандыруу);
- «ДАМУ» «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» АК менен «Кепилдик фонду» ААК ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуу жана салык башкаруу иш-аракеттер планы;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Казакстан Республикасынын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин ортосундагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин протоколу;
- 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.