Кыргызстан менен Япония дипкызматкерлери үчүн виза режимин жокко чыгарат

Президент

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында түзүлгөн Кыргызстандын Япониядагы элчилиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кыргызстан жана Япониянын дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө алмашуу ноталарын ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 15-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында түзүлгөн Кыргызстандын Япониядагы элчилиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кыргызстандын жана Япониянын дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө алмашуу ноталарын ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Алмашуу ноталары менен Кыргызстандын жана Япониянын жарактуу дипломаттык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлерин 90 күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотуу каралган. Бул ишкердиктин мобилдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана дипломаттык, кызматтык/расмий паспорттордун ээлери болгон жарандардын эки өлкөнүн аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.

Алмашуу ноталары Кыргызстандын жарандары үчүн дипломаттык жана кызматтык паспорттордун жана Япониянын жарандары үчүн дипломаттык жана расмий паспорттордун ээлерине карата колдонулат.