Бишкек, 08.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 8-мартта, Бишкекте 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы Кувейттин командасы менен оюн өткөрдү.
Дүйнө чемпионаты шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өттү.
Кыргызстандык хоккейчилер Кувейттин командасынын дарбазасына оюндун биринчи бөлүгүндө төрт гол, экинчи бөлүктө беш гол киргизди. Ал эми соңку жыйынтыктоочу бөлүктө Кыргызстан атаандашын 14:0 эсебинде утуп алды.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын курамасы Иранды 13:1, Малайзияны 22:1 жана Сингапурду 15:0 эсебинде жеңип, 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпиону аталды. Ал эми Иран экинчи орунду ээлесе, Сингапурдун командасы 3-орунду багындырды.
Белгилей кетсек, аталган турнирде жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалы күч сынашты.
4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын аймагында биринчи жолу өттү.