Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын алты айында Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 3 миң тоннага көп товар экспорттогон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алты айда ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорту - 279 миң 323 тоннаны түзсө, 2021-жылы ушул мезгилиндеги экспорту – 276 миң 225 тоннаны түзгөн. Ошентип, 2022-жылдын 6 айында былтыркыга салыштырмалуу 3 миң 98 тоннага көп товар экспорттолгон.
Кыргызстанда карантинге алынган продукциянын экспортунун негизги көлөмүн жашылчалар түздү. Жашылчалар Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Талас, облустарынан ЕАЭБ жана 3-өлкөлөргө экспорттолду.
Эң көп экспорттолгону жашылча болуп сабиз саналат. Ал Чүй облусунан Россия Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнө экспорттолгон.
Ошондой эле капуста, пияз, болгар калемпири, томат Россия жана Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.