Бишкек 12.03.24./Кабар/. “Кыргызиндустрия" ААК жана China Minxin Foundry ЖЧКсы "Кыргызкентех" биргелешкен ишканасын түзүштү. Бул тууралуу "Кыргызиндустриядан" билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Кыргызиндустриянын" жаңы туунду ишканасы майдалоочу шарларды чыгарат, андан тышкары, металл куюу тармагын өнүктүрүү пландалууда.
