Кыргызcтанда доллардын курсу 105 сом, евронуку 115 сомго жетти

Экономика

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Кыргызcтанда 10-мартка карата 1 доллар 105 сомго сатылып, 102 сомго сатып алынууда.

Ал эми евро 115-116 сомго, сатып алуу 112,50 сомго чыкты.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча, доллар 97,69 сом, евро 106,97 сомго бааланууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда доллар менен евро Украинадагы окуядан улам жогорулай баштаган.