Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Эртең Бишкекте жаш сүрөтчүлөр арасында өткөн “Кыргыз жүзү” аталышындагы көргөзмө-сынактын жеңүүчүлөрү сыйланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөр көркөм сүрөт искусствосу, скульптура, графика, декоративдик-прикладдык искусство номинациялары боюнча аныкталып, 1-2-3-орун алгандарга диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылат.
Белгилей кетсек, сынак Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Сүрөтчүлөр союзу тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Сүрөтчүлөр союзунун 90 жылдыгына карата уюштурулган.
Ага өлкө аймагында жашаган көркөм сүрөт искусствосунун бардык жанрларында иштеген 18 жаштан 35 жашка чейинки сүрөтчүлөр катышкан.