Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Бүгүн саат 10:30га карата Баткен облусунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, коңшу Тажик Республикасы менен чектеш аймактарда абал тынч. Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында абал туруктуу, күч түзүмдөрү тарабынан көзөмөлгө алынган.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрү тарабынан коомдук тартипти жана чек ара аймактарында чыр-чатактарды болтурбоо, алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 18-декабрда Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согдий облустарынын башчылары жолугуп, такталбаган чек ара аймактарында курулуштарды токтотуу, алуу боюнча макулдашкан. Ага ылайык, эки тараптан тең курулуш иштери токтотулуп, тосмолор алынды.