Кыргыз тасмасы Норвегиядагы эл аралык кинофестивалга катышууда

Маданият

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Кыргызстандык "Аврора" тасмасы Норвегиядагы эл аралык кинофестивалга катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Аталган фестиваль Норвегиянын Тромсё шаарында 14-январда башталган. Ал 20-январь күнү жыйынтыкталат. Бул фестиваль 1991-жылы негизделип, биринчи ирет өткөн фестивалга катышуу үчүн 5 миң 200 билдирүү келип түшкөн. Быйыл ал 29-ирет өтүп жатат.

Ал эми кыргызстандык режиссер Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы фестивалдын "Чыгыштын горизонттору" программасында катышууда.

Тасмадагы окуялар бир күндө болуп өтөт. Анда Кыргызстан Советтер Союзуна кирип турган мезгилде Ысык-Көлдө салынган белгилүү "Аврора" санаторийи көрсөтүлөт. Совет мезгилинде тургузулган санаторий азыркыга чейин өзгөргөн эмес. Тасмада "Аврора" жалпы өлкөнү туюндуруп турат...

Белгилей кетсек, "Аврора" Бекзат Пирматовдун алгачкы толук метраждуу оюн тасмасы.