Бишкек, 19-январь /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Россия Федерациясы тарабынан бөлүнгөн 500 млн АКШ долларынан Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча 637 долбоорду ишке ашыруу үчүн 175 млн АКШ доллары суммасындагы жеңилдетилген кредиттер берилген. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Бул туурасында 18-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астындагы өлкөнүн биримдиктеги пландары жана келечектеги милдеттерин талкуулаган кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду түзүлгөн учурдан тарта өлкө ишкерлерине «РСК Банк» жана «Айыл банк» аркылуу 3 миллион АКШ долларына чейин жеңилдетилген кредиттер берилет. Учурда каражатттар «Кыргызстан» жана «БТА Банк» аркылуу да берилүүдө.
«Каржылоонун артыкчылыктуу багыттары катары агроөнөр-жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр-жайы, кайра иштетүү өнөр-жайы, тоо-кен жана металлургия өнөр-жайы, транспорт инфраструктурасы, туризм жана медицина тармагы эсептелет», – деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Фонддун мындан аркы ишин активдештирүүнүн жана ишкерлер субьектилерин жеткиликтүү жана узак мөөнөттүү кредиттик ресурстар менен камсыздоо ишин улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду тарабынан 637 долбоорду ишке ашыруу үчүн 175 млн доллары жеңилдетилген кредит берилген

Пикир
Оставить комментарий