Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду Кепилдик фондуна кошумча 100 млн сом берди. Бул тууралуу Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Фонддон белгилешкендей, ал каражат 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыяланышынын алкагында бөлүнүп берилген.
Азыркы учурга карата фонд тарабынан аймактардагы бизнеске кепилдик берүү үчүн жалпы 400 млн сом бөлүнгөн.