Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Бүгүнкү күндө эмгек миграциясында Кыргыз Республикасынын 710 миңден ашуун жараны жүрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйынына айтылды.
Анын ичинде Россияда – 640 миңден ашуун, Казакстанда – 30 миң, Түркияда – 30 миң, Түштүк Кореяда – 15 миң, алыскы чет өлкөдөгү башка өлкөлөрдө 20 миңден ашуун адам бар.
Өкмөт кыргыз эмгек мигранттарынын бир катар көйгөйлөрүн эске алып, аларга жардам көрсөтүп жана Миграциялык саясат концепциясын иштеп чыгууну пландап жатат.