Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү бекети 10-февралдан тарта кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, Кытайдын аймагындагы жолго таш кулагандыгына байланыштуу аталган чек ара бекети убактылуу ишин токтоткон.