Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагында 5-декабрда 13.29 жер титирөө катталды.
Казак сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4.3 баллга жеткен. Силкинүү очогу Алматы шаарынын түштүк-чыгыш тарабында 103 чакырым алыстыкта орун алган.
Баштапкы маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий