Кыргыз-казак чек арасында ири көлөмдөгү чылым аткезчилиги аныкталды

Коом

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак чек арасында ири көлөмдөгү чылым аткезчилигин аныкташкан.

Акциздик маркасы жана документтери жок аткезчилик чылымды “Ак-Жол” өткөрмө жайынан Кыргызстандан Казакстанга алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

Бардыгы болуп 11 миң таңгак чылым жалпы суммасы 528 миң сомду түзгөн.

Чогултулган бардык материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.