Кыргыз-катар кызматташтыгынын абалы жана келечеги талкууланды

Саясат

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы Ахмад Хассан Аль-Хаммади менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Катардагы элчилигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Эшимбеков КР президенти Садыр Жапаровдун Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Таниге даректелген катын тапшырды.

Андан тышкары, эки тараптуу кызматташтыктын ар кандай тармактардагы абалы жана келечеги, анын ичинде буга чейин жетишилген келишимдерди иш жүзүнө ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.