Кыргыз-катар кызматташтыгын тереңдетүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды

Саясат

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-июнунда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана туризмди өркүндөтүүдө эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле министрдин орун басары А.Артыкбаев элчи А.Аль-Сулайтинин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди чыңдоого кошкон жеке салымын белгилеп, кыргыз тараптын Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим Аль Танинин Кыргызстанга иш сапарын эпидемиологиялык кырдаал турукташканда уюштурууга даяр экендигин билдирди.