• 87.45
  • 100.82
  • 1.09

Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленет

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз эл жазуучусу жана Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мааракелик иш-чаралар 23-ноябрда өтөт. Саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында китеп көргөзмөсү өтөт. Ал эми саат 16:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий