Куткаруучулар Кара-Балта дарыясына түшүп кеткен 15 жаштагы кызды издөөдө

Кырсык

Бишкек, 05.06.23./Кабар/. Чүй облусундагы Бишкек—Ош унаа жолунун 97-98-чакырымында Кара-Балта дарыясына 15 жаштагы кыз түшүп кеткен.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн болжол менен кечки саат 18:50дө катталган.

Издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине ү куткаруучу, төрт суучул тартылган. Алар караңгы киргенге чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.

Түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотолду. Эртең таң эрте куткаруучулар кызды издөөнү улантышат.