Куткаруучулар буту бетон менен темир түтүкчөнүн ортосуна кыпчылып калган 4 жашар балага жардам беришти

Кырсык

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Калинин айылында 2016-жылы төрөлгөн жаш баланын буту бетон менен темир түтүкчөнүн ортосуна кыпчылып калган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине куткаруучулар барып, баланын бутун чыгарып беришкен.