Кургак учукту айыктыруу үчүн дарыгерлерге кошумча акы төлөө киргизилүүдө

Ден соолук

Бишкек, 03.11.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстанда баштапкы этабында кургак учукту айыктыруу үчүн медициналык кызматкерлердин маянасына кошумча акы төлөө киргизилүүдө. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча 2017-жылдын 1-ноябрынан тарта КР өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздоо фонду алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү кызматкерлерине заманбап ыкмаларды колдонуу менен кургак учукту ийгиликтүү айыктыруу үчүн өбөлгөлөөчү кошумча төлөм киргизүүдө.

Кошумча төлөмдүн көлөмү ММКФ тарабынан кургак учуктун татаалдык деңгээлине жараша аныкталары маалымдалды.