• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Коргоо министрлиги: Куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам аскер кызматкери каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

“Куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен 35524-аскер бөлүгүнүн контракт менен кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери каза болду”, - деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилешкендей, учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда. Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий