Курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн кайсы документтер зарыл? Соцфонддун жообу

Коом

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Социалдык фонду курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн кайсы документтер зарыл экендигин айтып берди.

Документтердин тизмеги:

1) - паспорт.

- качкын расмий статусу бар чет өлкөлүк жарандарга - качкын күбөлүгү;

- жашап туруу укугу бар чет өлкөлүк жарандарга – ички ичтер органдарынан берилген жашап туруу укугу (вид на жительство)

2) эмгек китепчеси.

3) 1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат.

Эскертүү: арыздануучунун камсыздандыруу стажын тастыктоочу - окугандыгы же аскер өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары бар болсо окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот.

Ал эми аты аталган иш кагаздар жок болгон же болбосо тапшырууга мүмкүн болбогон учурда, арыздын бланкына окугандыгы, аскер өтөгөн мезгили тууралуу маалыматты жазуу керек.