«Кумтөрдүн» эки кызматкери жоголду. Абылгазиев зарыл чара көрүүнү тапшырды

Өкмөт

Бишкек, 01.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен жеринен абалды билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине кетишти.

Өкмөт башчы Кумтөр кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Белгилүү болгондой, 1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери - бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер Кумтөрдөгү жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн. Учурда аларды издөө иштери жүрүүдө.

Окуянын себеби боюнча кошумча маалыматтар берилет.