Бишкек, 17.04.19 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун соттук отуруму өтмөк. Бирок бул отурум кайрадан жылдырылды.
Отурумдун жылдырылышы, экс-мэрлер менен кошо айыпталып жаткандардын бири өз күнөөсүн моюнуна алуу өтүнүчүн келтиргени менен байланыштуу болду.
Кийинки отурум 24-апрель күнү өтөт.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов, шаар мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы С.О. жана алар менен байланышкан жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. "Коррупция" беренеси боюнча айыпталышууда.