Бишкекте шахмат боюнча КР президентинин V Кубогу өтүп жатат (Сүрөт)

Спорт

Бишкек, 17.03.18. /Кабар/. Бишкекте шахмат боюнча КР президентинин V Кубогу өтүп жатат. Иш-чаранын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясы.

Мелдеш швейцар системасы боюнча 7 турдан турат. Кубок жана ойнотула турган медалдар үчүн бардык республика боюнча 6дан 14 жашка чейинки 250 бала катышууда.

Бардыгы болуп балдар жана кыздар арасында 10 жуп медаль ойнотулат.