Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын экс-премьер-министри Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) суракка чакыртылды. Бул маалыматты "Кабар" агенттигине Финполдун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Боронов эртең, 12-январь, саат 11:00гө чакыртылган. Ведомстводон Боронов кайсы иш боюнча суралара тургандыгын ачыкташкан жок.
Агенттикке жеке булактар кабарлашкандай, Боронов көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген коронавирус пандемиясына даярдык көрүү ишине байланыштуу суракка чакыртылган.