Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.