Бишкек, 08.09.17, /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. Астанада өтүп жаткан тогуз-коргоол боюнча мелдеште Кыргызстандык спортчу чемпион аталды. Бул тууралуу тогуз-коргоол боюнча федерациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мелдеш Астана (Казакстан) шаарында уланууда. 6-сентябрда “блиц” тартиби боюнча турнир болду. Эркектер арасында Кубанычбек Ибрагимов жеңишке жетти. Экинчи орунда дагы бир кыргызстандык – Анарбек Джамакеев ал эми үчүн орунда казак спортчусу Сайлан Матылов.
Аялдар арасында биринчи орун – Кымбат Носерова, экинчи – Диана Кенина (экөө тең Казакстандан), үчүнчү орунда кыргыз спортчусу Адина Асеева.
Эске сала кетсек, мурдараак “стандарт” тартиби боюнча Кыргызстан эки медаль уткан.
Чемпионатта бардыгы болуп 25 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.