Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар кыргыз-орус парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү жана тереңдетүү маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн парламенттеринин алдыда боло турган иш-чаралары боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө алар Россиянын аймагында жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына көңүл буруп, кыргыз-орус эки тараптуу алакаларындагы актуалдуу маселелерди чечүүдө, ошондой эле маданий-гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда парламенттердин ролун күчөтүүнүн максатка ылайыктуулугун белгиледи.
Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да арттыруу үчүн туруктуу байланыштарды улантууну макулдашты.