КРнын университеттеринде 10,8 миң окутуучу иштейт. Алардын ар бир үчүнчүсү – илимдин доктору же кандидаты

Коом

Бишкек, 18.09.18 /Кабар/. Кыргызстандын университеттеринде 10 миң 812 окутуучу иштейт, алардын ар бир үчүнчүсү – илимдин доктору же кандидаты, ар бир бешинчиси – доцент. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрлик университеттеги даражасы бар окутуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн концентрациясы Билим берүү министрлиги 2017-жылдын күз айынан бери өткөрүп жаткан ажырымдоонун критерийлеринин бири болуп саналарын такташууда.

Ошондой эле ЖОЖдордун рейтингин түзүүдө академиялык мобилдүүлүк, таланттуу студенттердин концентрациясы, илимий жарыялардын атаандаштык жөндөмдүүлүгү эске алынат.