КРнын фехтование боюнча өспүрүмдөр курамасы Азия кубогунда 1-орунду ээледи

Спорт

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын фехтование боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Азия кубогунда биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдеш 19-21-январь күндөрү БАЭнин Дубай шаарында өткөн.

Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасынын мүчөлөрү Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов жана Рустам Исламов биринчи орунду камсыздашкан. Курама команда машыктыруучу Даанышман Жумабай уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.