Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын БУУнун Азия-Тынч океан регионалдык тобундагы төрагалык мөөнөтү аяктады, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын май айында Кыргызстан Нью-Йорктогу штаб-квартирасында БУУнун Азия-Тынч океан регионалдык тобун жетектеди. 55 мүчө мамлекеттен турган БУУнун Азия-Тынч океан регионалдык тобу БУУнун 5 регионалдык тобунун арасында ири болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Азия-Тынч океан тобуна төрагалыгынын алкагында 55 мүчө мамлекеттин атынан Нью-Йорктогу Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Башкы Ассамблеясынын отурумдарында сөз сүйлөдү, БУУнун Башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммед, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын президентинин ордуна талапкер, ошондой эле БУУнун шайлоонуучу органдарына талапкерлер менен жолугушууларды уюштуруп, бир айдын ичинде мүчө мамлекеттердин жана БУУнун Катчылыгынын ортосунда туруктуу жана ыкчам байланышты камсыз кылды.
БУУнун Азия-Тынч океан регионалдык тобунун ай сайынкы отурумунун жүрүшүндө мүчө мамлекеттердин Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн туруктуу өкүлдөрү жана дипломаттары кыргыз тарапка топту жогорку жана сапаттуу төрагалык камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.