«КРнын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент

Бишкек, 19.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамды кабыл алуунун максаты — айыл чарба (өсүмдүк, мал чарбачылык, канаттуулар, аарычылык), балык чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө жана аларды кайра иштеткендерге жеңилдетилген кредиттерди берүү маселелерин жөнгө салуу.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.