Бишкек, 12.10.17./Кабар/. Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Ал Сирияда аскерий иш-аракеттерге катышып келген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, кармоо иштери бүгүн жүргүзүлгөн. Маалым болгондой, ал Ош облусунун 1978-жылы туулган К.Х., аттуу жараны. 2013-жылы Кыргызстандан Сирияга кетип, террордук топтун мүчөлөрүнө кошулуп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик иш-аракеттерге катышкан.
Билдирүүгө ылайык, 2016-жылы эл аралык террордук уюмдун башчысынын буйругу менен Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстандын аймагында да террорчулук аракеттерди жасоо максатында жөнөтүлгөн.
Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.