Бишкек, 05.11.18. /Кабар/ Кыргызстанда зомбулук менен байланышкан кылмыштардын курмандыктарынын 95 пайызы аялдар. Бул тууралуу “Саясий чечимдерден иш-аракетке. Борбордук Азиядагы аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукту жок кылуу” аталышындагы субрегионалдык конференцияда белгилүү болду.
Үй-бүлөдөгү зомбулук кеңири тараган жана 15 жаштан 49 жашка чейинки аялдардын үчтөн бир бөлүгүн камтыйт. Аялдардын 7 пайызы кош бойлуу учурунда зомбулуктан жабыркашат. 30 жаштан өйдө курактагы аялдардын 3 пайызы сексуалдык зомбулукка кабылышат.
Өкмөттүк маалыматтарга караганда, 2013-жылы үй-бүлөдөгү зомбулукка болгон даттануулардын жарымынан азы сотко өткөрүлүп берилген. Анын ичинен 7 пайызы жазык кылмыш катары сотко өткөрүлгөн. Калгандары жазалоонун жумшагыраак түрүн камтыган административдик укук бузууларга тиешелүү болгон.
Үй-бүлөдөгү зомбулук жөнүндөгү улуттук статистикалык маалыматтар кылмыш иштери жана кризистик борборлордун маалыматтарына негизделет.
Үй-бүлөдөгү зомбулук окуяларынын саны жыл өткөн сайын көбөйүүдө. 2013-жылы 2 миң 327 үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталса, 2017-жылы бул көрсөткүч 7 миң 53кө көбөйгөн.
2013-жылы стационардык медициналык мекемелерде 957 киши дарыланган. 2017-жылы бул сан 1527ге өскөн. Анын 77 пайызы аялдар болгон. Кризистик борборлор тарабынан чогултулган статистикалык маалыматтардын негизинде аялдардын 60 пайызы үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу жардам сурап кайрылышкан.
Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын соттук практика тууралуу 2012-2015-жылдардагы отчётуна ылайык, сексуалдык зомбулук фактысы боюнча 756 кылмыш иши козголгон. Бул иштер боюнча иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Бирок баары соттук тергөөгө жетишкен эмес. Башкача айтканда, сексуалдык зомбулук боюнча иштердин көпчүлүгү жабылган.