• 87.45
  • 100.77
  • 1.12

Красная речкадагы мектеп-интернаттын тарбиялануучуларына белектер берилди

Коом 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Күзөт кызматы Чүй облусунун Красная речка айылындагы мектеп-интернатынын балдарын майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу Күзөт кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулуп, белектерден тышкары зарыл болгон боюмдар дагы тапшырылды.

ИИМдин Күзөт кызматы өздүк курамдын атынан балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, ар бир балага ден-соолук, бактылуу балалык каалап, тарбиячыларга ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий