КР жараны башка бирөөнүн паспорту менен Стамбулга учууга аракет кылган

Укук тартиби

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын жараны башка бирөөнүн паспорту менен Стамбулга учууга аракет кылган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 15-майында “Манас-аэропорт” өткөрмө-көзөмөл пунктунун чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек ара бузган Кыргызстандын жаранын кармашкан.

Бишкек-Стамбул каттамы боюнча багыт алган №7706 авиарейсин каттоо учурунда 1989-жылы туулган КР жараны “Э.Т.” башка бирөөнүн чет өлкөгө чыгуучу паспортун көрсөткөн. Ал жумуш издөө максатында Түркияга кетүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер түзүлүп, кармалган жаран КР УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.