КР УИАда белгилүү экономист Жумакан Лайлиевдин мааракесине арналган конференция өтөт

Коом

Бишкек, 19.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын 20-мартында кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында кыргыз экономика илиминин негиздөөчүсү – Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, УИАнын корреспондент-мүчөсү, экономика илимдеринин доктору Лайлиев Джумакан Сулаймановичтин 90 жылдыгына арналган “Өсүү жана туруктуулук. Узак мөөнөттүү өнүгүүгө багыт” деген темада илимий-конференция өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.

Конференция КР УИАнын Экономика институту тарабынан Кыргызстандын экономикасынын учурдагы актуалдуу проблемаларын чечүүдө илимий-изилдөөчү ишмердиктин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган.

Конференциянын программасына төмөнкү темадагы билдирүүлөр камтылган:

  • Экономикалык трансформация жана Кыргыз Республикасынын өнүгүү перспективалары;
  • Бүгүнкү күндүн чакырыктары: өсүү стратегиясын издөө;
  • Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү жана интеграциялык процесстер. Коркунучтар жана мүүмкүнчүлүктөр.

Конференциянын ишинде окумуштуулар, ЖОЖдордун жетекчилери, окутуучулар, аспиранттар, ЖОЖдордун жана илимий мекемелердин студенттери катышат. Конференциянын материалдары РИНЦ системасына кирген “Экономика” журналында жарыяланат.