Бишкек, 14.04.24./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирет жана тараптарды бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырат.
"Кыргыз Республикасы тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат", — деп айтылат КР ТИМдин басма сөз кызматы тараткан расмий билдирүүсүндө.
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий