Бишкек, 22-апрель /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы Элчилиги каза болгон кыргызстандык Адылбек Калыбековдун туугандары менен байланышта болуп жатат. Тышкы саясат ведомствосу билдиргендей, бүтүм алынган соң, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жасалып, ошондой эле, жүк-200 мекенине жөнөтүүгө тиешелүү жардам көрсөтүлөт.
КР ТИМ: АКШдагы КР Элчилиги каза болгон А.Калыбековдун жакындары менен байланышта
22/04/17 13:39 Коом