КР таэквондочулары Россияда өткөн чемпионатта 4 медаль утту

Спорт

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. Кыргызстандык таэквондочулар Россияда өткөн ачык чемпионатта 4 медаль утушту. Бул тууралуу КР ITF таэквондо федерациясынын президенти Виталий Олейниченко билдирди.

Чемпионат 29-мартта Климовск (Москва облусу) шаарында өткөн. Кыргызстандын атынан беш спортчу барган, башкы машыктыруучу Баткендик Диёрбек Юлдашов.

Жыйынтыгында курама: 1-алтын жана 3-күмүш медаль уткан.

Асадбек Тажибаев 50 кг салмактык категория боюнча чемпион болду. Хамроз Рузибоев (70 кг.), Билолдин Мирзахокимов (35 кг) жана Дилмурат уулу Бехрузбек (35 кг) коло медаль утушкан.