Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү комитетинин төрагасы Бакыт Дегенбаев баштаган делегация “Хоргос” чек ара кызматташтыгы борборуна барышты. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Борбор соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу комплекси болуп саналат. Аймактын жылдык жүгүртүүсү 105 миллион доллардан ашат. Ал эми дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтердин саны 5 миллиондон ашык адамды түзөт.
Иш сапардын алкагында КР Соода-өнөр жай палатасынын кызматкерлери соода борборлорун кыдырып, зонанын ишмердүүлүгүн жана артыкчылыктарын изилдөө үчүн Хоргос шаарындагы (КЭР) ишкерлер жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

“Хоргос” ЭКБКнын жетекчилиги жана бизнес чөйрөлөрү Кыргызстандын ишкерлери менен туризм, медициналык туризм жана биргелешкен өндүрүш сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташууга кызыкдар.
КР Соода-өнөр жай палатасына Хоргос шаарына иш сапары менен тыгыз иштиктүү байланыш түзүү үчүн расмий чакыруу келди. Жакынкы арада бул борборго келүү үчүн ата мекендик компаниялардын бизнес миссиясы түзүлөт.