КР саламаттык сактоо министринин орун басары алмашты

Кадр саясаты

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык Каратаев Мадаминжан Мусаевич Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.