КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо бекитилди

Президент

Бишкек, 06.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” КР мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы №88 “Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети ушул жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.