Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков кечээ, Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Анвар Насыров менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташуусунун учурдагы абалын талкуулап, алдыдагы ар кандай деңгээлдеги эки жактуу байланыштар боюнча, анын ичинде Ташкент шаарында апрелдин аягында өтүүчү КМШ тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйыны боюнча пикир алмашышты.