Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Бельгиядагы жаңы дайындалган элчиси Айдит Эркин Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин Протоколунун башчысы Оливье Беллге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.
КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-бельгия кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, бийик жана жогорку деңгээлдеги байланыштарды активдештирүү маселелери талкууланды.
Протоколдун башчысы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган эки тараптуу иш-чаралар боюнча тыгыз иш алып барууга жана өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.
Оливье Белль элчини кызматка дайындалышы жана дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ошондой эле жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.