Бишкек, 30.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык дзюдочулар Грузияда өтө турган Гран-при сериясындагы турнирине катышат.
Tbilisi Grand Prix 2018 турнири бүгүн, 30-мартта Тблиси шаарында башталып 1-апрелге чейин уланат. Мелдешке 38 өлкөдөн келген 302 дзюдочу катышат.
Кыргызстандын атынан барган спортчулар: Отар Бестаев (60 кг чейин), Айдин Мухтаров (66 кг чейин), Адилет Ганиев (77 кг чейин) жана Владимир Золоев (81 кг чейин). КР улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юсупов.