Бишкек, 02.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык боксчулар Өзбекстандын Андижан шаарында өтүп жаткан бокс боюнча эл аралык турнирге катышууда. Бул тууралуу sports.uz сайтында маалымдалат.
Мелдеш Өзбекстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Валентин Золотаревдун жаркын элесине арналат. Иш-чарага жүзгө жакын Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан спортчулар катышат.
Мелдеш эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) эрежесине ылайык 10 салмактык категория боюнча өткөрүлөт.
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий