Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын чек ара тилкелеринде 4 жаңы объект курулат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.
Ал белгилегендей, 15 объектте капиталдык оңдоо иштерин өткөрүү пландалууда.
Ал иштер үчүн бюджеттен 4 млн. сом бөлүнгөн.
Андан тышкары Бөрүбаев билдиргендей, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда, Бишкек жана Ош шаарларында коррупция менен күрөштөн түшкөн каражаттын эсебинен 799,3 млн. сомго 15 мектеп курулат.